Көчмөндөр оюну: Кытайдын көк бөрү боюнча курама командасы оюндан четтетилди

Кытай Эл Республикасынын көк бөрү боюнча курама командасы оюндардан четтетилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кытайлык команда мандаттык комиссиядан өтпөй калган, анткени алар убагында катоодон өткөн эмес. Жыйынтыгында мелдеште жалпы 11 команда калды.

"Кытай курама командасы Орусия жана Ооганстан командалары менен бирге "В" тобунда болчу. Бирок алар убагында катоодон өтпөй оюндан четтеди. 2016-жылы кытайлык команда көк бөрү боюнча мелдештердин коло байгесине ээ болгон", - деп билдиришти агенттиктен.

Айта кетсек, бүгүн Кыргыз курама командасы өзүнүн алгачкы беттешинде Монголиядан келген команданы 29:5 эсебинде утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
TalaCSKA
2018-09-03 14:10:25
Мандатык комиссиядан эмнеге отпой калганын толук жазсанар боло Супер !
+3
urmat94
2018-09-03 14:39:24
Казактар не болду
-2
kechirmeni
2018-09-03 14:44:50
эмнеге отпой калды экен, эми соз кылышат "Бизден коркуп эле откорбой койду " дешип
0
kolyn
2018-09-03 16:46:06
Эмнеге өтпөй калды,тактап жазсаңар шашпай.Кандай"нарушения" болду
0
kechirmeni
2018-09-03 17:05:19
kolyn,Менин билишимче оз убактысында каттоодон отушпоптур
+1
admin_superstan
2018-09-03 17:58:52
Саламатсыздарбы? Маалымат толукталды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан