Мындан 6 жыл мурун, тагыраагы, 2012-жылы 3-сентябрда "Жашыл чакырым" тасмасындагы боорукер Жон Коффинин ролу аркылуу таанымал болгон америкалык актёр Майкл Кларк Дункан 55 жашында көз жумган.
Ал башкы ролду ойногон "Жашыл чакырым" тасмасы көп кинофестивалдарды жан кейиткен трагедиялуулугу менен багынтып, Бир нече жолу "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарына татыган.
Өмүр баяны
Дункан 1957-жылы 10-декабрда АКШнын Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында туулган. Апасы Жин Дункан Майкл менен анын эжеси Жуди Дунканды жалгыз чоңойткон. Энесинин оорусуна байланыштуу Майкл Дункан акча табуу үчүн Миссисипи штатындагы Алкорн атындагы университеттеги окуусун таштоого аргасыз болот. Чымыр денелүү болгондуктан (салмагы 142 килограмм, бою 196 сантиметр болгон) ар кандай жумушка оңой кабыл алынып, Notorius BIG аттуу ырчынын жан сакчысы болуп жүрөт.
Ден соолугуна көңүл бөлүү максатында бразилиялык жиу-житсу менен машыккан.
Карьерасы
1998-жылы алгачкы жолу тасма талаасына кадам таштап "Армагеддон" фантастикалык боевик фильминде роль жаратат. Киного тартылуу учурунда актёр, продюсер Брюс Уиллис менен таанышып калып, ал андан ары башка тасмаларга тартылуусуна жол ачып берген.
Ошентип кийинки образ жараткан фильми "Жашыл чакырым" деп аталган. Анда күнөөсүз жерден жаш кыздарды өлтүрүүдө айыпталып, акталбай түрмөдө жабырлануучу тараптын көз алдында өлүм жазасына тартылат. Бирок ага чейин абакта отурган кезинде боорукерлигинен улам күзөтчүлөр анын күнөөсүз экендигине ынанышат. Өзгөчө касиети менен дартка чалдыккандарды дарылай алат.
Ушул тасмадан кийин актёрдун атагы алыска тарап, ал өз ролун ийине жеткире аткаргандыгы үчүн көптөгөн сыйлыктарга татыган.
Режиссёрлордун көзүнө илинип "Маймылдар планетасы" (полковник Аттар), "Чаяндар падышасы", "Күнөөлөрдүн шаары" жана башка фильмдерде образ жараткан. "Кунг-Фу Панда" мультфильминде командир керик Вахирдин ролун ойногон.
2012-жылы 13-июлда жүрөк оорусу кармап, бирок досу Омароса Манигал-Сталлворт жанында болуп "Тез жардам" кызматы келгенге чейин жасалма дем алдыруу жолу менен өлүмдөн сактап калган.
Ошол эле жылы 3-сентябрда "Жашыл чакырым", "Армагеддон", "Маймылдар планетасы" тасмалары менен таанымал Голливуддун актёру Майкл Дункан Лос-Анжелесте жүрөк оорусунан жан берген.