Кечээ, 2-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде сахнага улуттук кийимдерди кийип чыккан ырчылардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкуловдун футболка менен этеги узун жемпир кийип алганы интернет колдонуучулары арасында кызуу талкууга алынган.
Ырчынын айтымында, ал көчмөндөр оюндарынын гимнин аткаруу учурунда кийген формасын атайын сахнага кийүү үчүн сатып алган. Бул тууралуу Ырыскелди Осмонкулов SUPER.KG порталына билдирди.
"Бизге атайын үстүңөргө улуттук кийим, башыңарга калпак кийгиле деген тапшырма болгон эмес. Эркин форма деп айтышкандыктан, бул кийимдерди сатып алгам. Эгер сөзсүз улуттук кийим менен чыгуу керек деп айтышса, киймекмин. Менимче, формам жаман эмес. Болгону канча эл болсо, ошончо пикир болот да", - дейт ырчы.