Көк бөрү: Москва облусунун курама командасы биринчилерден болуп жарым финалга чыкты

Бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча мелдештер өтүүдө. Анда тайпалык баскычтын алкагында Орусиянын Москва облусунан келген көк бөрү курама командасы Ооганстандын курама командасы менен кез келди.

Оюндун жүрүшүндө Москва облусунан келген курама команда өзүнүн шамдагайлыгын көрсөтүп, 7:2 эсебинде жеңишке жетти.

Тай казанга аталган курама команданын оюнчусу Райымбек Байызыев 3 улак салса, Замирбек Ниязакунов, Чыңгыз Сатыбалдиев, Азамат Аттокуров 1 улактан ташташты.

Чүчү кулактын жыйынтыгында 12 команда 4 топко бөлүнгөн. Анда "В" тобуна Кытай, Москва облусунун курама командасы жана Ооганстандын командасы кирген. Бирок Кытай курама командасы мандаттык комиссиядан өтпөй калгандыгына байланыштуу, Москва облусунун курама командасы жарым финалга биринчилерден болуп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alia82
2018-09-03 15:32:55
Тушунбодум россиянын москвасынан келгендерби
+2
Syimyk.isaev
2018-09-03 15:44:08
Кыргыздар эле ойношсо керек москванын атынан.
+3
madanbekeshbaev
2018-09-03 16:03:39
Жалан "Москвалык орустар" ойногон окшойт. Красноярскиден да ушундай эле "орус команда" келиптир...
0
akus
2018-09-03 16:31:14
Москва шаарында иштеген мигрант мекендештерибиз алга азаматсынар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан