Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов: “Сапат” мектептери менен “Маариф” фондун карама-каршы койбоо керек”

Атамбаевдин тушунда Түркиянын Кыргыз өлкөсүнө айрым талаптарды коюусу мамлекеттин ички иштерине кийлигишүү деп кабыл алынган. SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун Эрдогандын талаптарына макул болуусун туура деп эсептейсизби?" деген соболуна мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жооп берди.

Ал бардык билим берүү мекемелери улуттун кызыкчылыгын көздөгөндөй болуп иштелип чыгуусу керектигин айтты.

“Президент Сооронбай Жээнбеков “Себат” маселеси боюнча сылык түрдө “бул чечилген маселе” деп абдан туура жооп берди. Менин оюмча, “Маариф” фонду менен “Сапат” билим берүү мекемесин карама-каршы койбоо керек. Биздин өлкөдө бир топ билим берүү мекемелери иштеп келет. Ошол эле маалда бул тармакта баш аламандыктар да жок эмес. Эгер “Маариф” фонду жаңы мектептерди ачам десе, бул деле жаман эмес. Эң башкысы чет өлкө тарабынан каржыланган билим берүү системалары улуттун кызыкчылыгын колдогудай болуп реформаланса жакшы болмок. Учурда жаштар чет өлкөгө тиешелүү ар кайсы билим берүү мекемелеринен билим алгандыктан алардын арасында карама-каршы пикирлер көп. Кандайдыр бир окуя болсо ар ким өз көз карашына карата чечмелеп, анысын коомго таңуулап жатат. Ошон үчүн айрым көрүнүштөгө карата элде карама-каршы көз караштар келип чыгууда. Учурда “Сапат” билим берүү мектептеринин окуучулары эл аралык сынактарда алдыңкы байгелерге жетип, өлкөнүн атын чыгарып келүүдө. Ошол эле маалда “Маариф” фонду өлкөгө билим берүү мекемелерин ачабыз десе ага да мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек. Мындан карама-каршы маселе жаратпоо зарыл. Бирок эң башкысы бардык билим берүү мекемелери улуттун кызыкчылыгын көздөгөндөй болуп иштелип чыкса, анда мамлекеттин келечеги үчүн абдан туура болмок. Өлкөдө да улуттун кызыкчылыгын көздөгөн саясат жүргүзүлсө, анда башка өлкөлөр да кандайдыр бир талап коёрдун алдында ойлонуп туруп анан айтмак”, - деди Жекшенкулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Казакбаев, Абдывахап Нурбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, эксперт Руслан Акматбеков, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан