Ырчы Анжелика: "Микрофонду тескери кармаган сүрөт фотошоп менен жасалган"
Эстрада ырчысы, алып баруучу жана актриса Анжеликанын микрофонду тескери кармап турган сүрөтү интернет желесинде катуу сынга кабылды. Сүрөт ырчынын ордолуу Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган концертте ырдаганынан кийин жарыяланган. Анда Анжелика ырдап бүткөндөн кийин алып баруучунун суроосуна жооп берерде микрофону өчүп калган. Ал эми ырчы бул сүрөттү фотошоп деп атап, буларга токтолду.
"Сүрөт фотошоп программасы аркылуу жасалганы көрүнүп турат. Ошондой эле Эгемендүүлүк күнүндө Ош шаарындагы концертте менин микрофонум өчкөн эмес жана тескери кармаган эмесмин. Бул менин хейтерлеримдин кезектеги ойлоп тапкан чыгармачылыгы. Хейтерлердин аркасында мен дайыма талкууга алынып келем. Ошолордун бар экенине рахмат", - дейт ырчы.