"Марал" радиосунун директору Руслан Акматбеков: "Түркия президенти айтып жаткан мектептер эл аралык деңгээлде кооптуу катары кабыл алынган эмес"

Атамбаевдин тушунда Түркиянын Кыргыз өлкөсүнө айрым талаптарды коюусу мамлекеттин ички иштерине кийлигишүү деп кабыл алынган. SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун Эрдогандын талаптарына макул болуусун туура деп эсептейсизби?" деген соболуна "Марал" радиосунун директору Руслан Акматбеков жооп берди.

Анын пикиринде, Түркия президентинин Кыргыз бийлигине карата талабы өлкөнүн ички ишине кийлигишүү болуп саналат.

"Режеп Тайип Эрдогандын Гүлендин кыймылын башкы маселе кылып, башка өлкөлөргө таңуулаганы, албетте, бул ички иштерибизге кийлигишүү болуп саналат. Ал айтып жаткан терроризмге тиешеси бар деген уюм же адамдар - өздөрүнө гана тиешелүү маселе. Президентибиз да "алар биздин мыйзамга ылайык, иш алып барат" деп бул маселеге так жооп бергенине карабай, кайра-кайра айта беришин биздин өлкөгө карата урматсыздык катары караса болот. Биздин деле жетекчилик жана атайын кызматтар бар. Түрк президенти айтып жаткан мекемелердин өлкө коопсуздугуна каршы иш аракеттери болсо билмекпиз да. "Мен буларды тигиндей деп эсептейм, силер да ушундай эсептегиле" дегени туура эмес. Мисалы, биз деле өзүбүздүн ички саясатка байланыштуу маселени Түркияга барып таңуулай албайбыз.

Түркия президенти айтып жаткан уюм эл аралык деңгээлде кооптуу катары кабыл алынган эмес. Керек болсо айтылып жаткан билим берүү мекемелери убагында эки өлкөнүн келишими менен Эрдогандан мурунку премьер-министр, президенттердин катышусу астында ачылган. Экинчи чоң маселе, террордук уюмдар качан эле билим берүү мекемелерин ачып, эл аралык олимпиадаларга окуучуларды жиберип калды эле? Сооронбай Жээнбеков да "Эгер мыйзамды буза турган болсо жана эки өлкөнүн маселесине доо кетирсе, анда жоопкерчиликке тартылат" деп так айтты. Бирок учурда андай жагдай жок да", - деди Акматбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Казакбаев, Абдывахап Нурбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева, мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан