Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев: "Сапат" билим берүү мекемелери жабылбайт"

Атамбаевдин тушунда Түркиянын Кыргыз өлкөсүнө айрым талаптарды коюусу мамлекеттин ички иштерине кийлигишүү деп кабыл алынган. SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун Эрдогандын талаптарына макул болуусун туура деп эсептейсизби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев жооп берди.

Эл өкүлүнүн айтымында, президент Сооронбай Жээнбековдун "Маариф" фонду менен түзгөн келишими боюнча чечими туура кабыл алынган.

"Сапат" мектептери мамлекеттин толук көзөмөлүндө. Ал эми "Маариф" фонду деле келип билим берүү мекемесин ача берсин. Атаандаш болсо өнүгүү, өсүү болот. Кыргыз элине пайдалуу болот. Президент Жээнбеков "Себат" боюнча "өзүм көзөмөлгө алам" деп айткан, бул окуу жай жабылбайт го", - дейт Нурбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева, мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, эксперт Руслан Акматбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан