Атамбаевдин тушунда Түркиянын Кыргыз өлкөсүнө айрым талаптарды коюусу мамлекеттин ички иштерине кийлигишүү деп кабыл алынган. SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун Эрдогандын талаптарына макул болуусун туура деп эсептейсизби?" деген соболуна саясат таануучу Даниел Кадырбеков жооп берди.
“Түркия президентинин “Себат” мектептерин жабуу боюнча талабы биздин кызыкчылыктарыбызга жооп береби же жооп бербейби, ушул нерседен гана чыгышыбыз керек. Бирөөнүн басымында калып, анын айтканын кылуу туура эмес болуп калат. Эрдогандын талабы боюнча Жээнбеков президент кандай кадамга барат азырынча билбейм. Эгер башка өлкөлөр биздин кызыкчылыгыбызга туура келбеген ишке бизди түртүп, басым кылса, албетте, биз барбашыбыз керек. Себеби биздин эң чоң стратегиялык маанилүү нерсе - бул улуттук кызыкчылыкты сактоо”, - деди эксперт.
“Себаттарды” ФЕТӨгө байланыштырып жатканы - бул Түркиянын ички чыр-чатагы. Эрдогандын өзүнүн кадыр-баркы үчүн бизге басым кылып “мектептерди жаптырам” дегени биздин кызыкчылыкка туура келбейт. Жээнбековдун администрациясы Түркиядагы өнөктөштөрүбүзгө “биз көз карандысыз мамлекетпиз, эгер “Себаттардын” ишмердүүлүгү кызыкчылыктарыбызга туура келбесе, бул мектептерди жабабыз” деп, Эрдогандын айтканы дипломатиялык жактан гана эмес, этикалык жактан да туура эмес экенин түшүндүрүш керек”, - деп белгиледи Кадырбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Казакбаев, Абдывахап Нурбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева, мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, эксперт Руслан Акматбеков, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.