Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Армрестлинг боюнча мелдеште казак спортчулары 7 алтын медалды утуп алышты. Кыргыз спортчулары 3 медалды гана ута алды

3-сентябрда Бактуу-Долоноту айылындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин сырткы аренасына армрестлинг (кол күрөш) боюнча мелдештер өттү.

Аталган мелдеште 17 мамлекеттин 56 спортчусу катышып, 12 медалдар топтому жана байгелер үчүн күрөштү. Мелдеште эркектер жана кыз-келиндер сол жана оң кол менен күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына Мырза Билалов 2 медаль алып келгенге жарады. Ал 75 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, казакстандык, өзбекстандык, азербайжандык жана башка мамлекеттердин спортчуларын утуп алды.

Жалпы эсепте алтын медалдарды көбүрөөк Казакстандын спортчулары тагынышты. Алар армрестлинг мелдешинен капчыгына 7 алтын мелдаль утуп алууга жетишти.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Эркектер арасындагы сол кол менен күрөштө:

75 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Мырза Билалов (Кыргыз өлкөсү);

2-орун: Вали Фаражоу (Казакстан);

3-орун: Дмитрий Докучаев (Өзбекстан).

95 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Евгений Приднюк (Украина);

2-орун: Андрей Степанчюк (Казакстан);

3-орун: Ниязы Кудратугло (Өзбекстан).

105 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Олег Сазонов (Казакстан);

2-орун: Рашад Исрафилов (Азербайжан);

3-орун: Фирдавс Гафуров (Өзбекстан).

105 килограммдан жогору салмак ченинде:

1-орун: Дмитрий Трубин (Казакстан);

2-орун: Рустам Гурбанов (Азербайжан);

3-орун: Евгений Лукянов (Кыргыз өлкөсү).

Кыз-келиндер арасындагы сол кол менен күрөштө:

75 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Оксана Писменная (Казакстан);

2-орун: Бригитта Иванфи (Венгрия);

3-орун: Виктория Ильюшина (Украина).

75 килограммдан жогору салмак ченинде:

1-орун: Антонина Лисянская (Казакстан);

2-орун: Анастасия Школокова (Украина);

3-орун: Назира Тентимишова (Кыргыз өлкөсү).

Эркектер арасындагы оң кол менен күрөштө:

75 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Мырза Билалов (Кыргыз өлкөсү);

2-орун: Вали Фаражоу (Казакстан);

3-орун: Зохраб Махсимов (Азербайжан).

95 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Евгений Птудрик (Украина);

2-орун: Андрей Степанчюк (Казакстан);

3-орун: Элсавар Хасиев (Азербайжан).

105 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Митко Петров (Болгария);

2-орун: Олег Сазонов (Казакстан);

3-орун: Рашат Исрафилов (Азербайжан).

105 килограммдан жогорку салмак ченинде:

1-орун: Дмитрий Трубин (Казакстан);

2-орун: Евгений Лукянов (Кыргыз өлкөсү);

3-орун: Рустам Гурбанов (Азербайжан).

Кыз-келиндер арасындагы сол кол менен күрөштө:

75 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Оксана Писменная (Казакстан);

2-орун: Виктория Ильюшина (Украина);

3-орун: Гүлнура Алмазбек кызы (Кыргыз өлкөсү).

75 килограммдан жогорку салмак ченинде:

1-орун: Антонина Лисянская (Казакстан);

2-орун: Анастасия Школокова (Украина);

3-орун: Назира Тентимишова (Кыргыз өлкөсү).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Buudaiuk
2018-09-04 09:40:16
сол кол мн да курош бар экен да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан