Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 2-орунга түшүп калды

Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан lll Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргыз өлкөсү медалдык эсепте 2-орунга түшүп калды.

2-сентябрда башталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында азыркы тапка чейин 27 медалдар топтому ойнотулду.

Медалдык эсепте 1-орунду Казакстан курама командасы ээлеп келүүдө. Алар жалпы 19 медалды утуп алышкан. Алардын капчыгында 7 алтын, 7 күмүш жана 5 коло медаль бар.

2-орунда Кыргыз өлкөсү, капчыкта жалпы 18 медаль бар. Алар: 5 алтын, 5 күмүш жана 8 коло.

3-орундун ээси Түркмөнстан, алардын капчыгында 12 медаль бар. Алар: 5 алтын, 2 күмүш жана 5 коло медалдар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
patiydin
2018-09-04 09:09:25
Алга Кыргыз! Али оюндар алдыда!
+11
tima01
2018-09-04 09:35:15
Кок борудон биринчи орунду алса бир эле алтын алышабы же ар бир оюнчунун медалы эсептелинеби?
+3
ilgizk
2018-09-04 10:09:16
tima01,1 эле алтын эсептелет
+2
tima01
2018-09-04 21:49:10
ilgizk,рахмат
0
Aman97kg
2018-09-04 09:39:13
Уят эле кыргызстанда болуп туруп 2-орунга түшүп олтурсак
-6
kechirmeni
2018-09-04 10:04:47
Aman97kg, Ушул жагына да шугур, буюрса дагы оюндар алдыда, биринчи орунга да чыгып каларбыз буюрса
+2
salah
2018-09-04 10:18:53
Жожону кузундо санайбыз, оюндар али алдыда
+3
titanik32
2018-09-04 10:38:22
Оюндар али алдыда,Көк бөрү боюнча жалпы оюнчу алтын медель алышат,ошондо алдыга кетебиз.Ага чейин да башка оюндан жакшы ийгиликтерди күтөбүз.Алга Кыргызстан,алга Кыргыз элим.МЕН Кыргызстанымы абдан сүйөм!!!
+2
altyn2015
2018-09-04 16:38:38
Алга Кыргызстан!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан