Орусиянын футбол боюнча улуттук курама командасы башкы машыктыруучусун туулган күнү менен куттуктады

Орусиянын улуттук курама командасынын футболчулары кечээ, 3-сентябрда өзүнүн башкы машыктыруучусу Станислав Черчесовду туулган күнү менен куттукташты. Бул тууралуу видео курама команданын расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жаңы сезондогу өзүнүн алгачкы машыгуусун улуттук команда башкы машыктыруучу Черчесовдун туулган күнүн белгилөө менен баштаган. Ага футболчулар машыктыруучунун скафандр кийип турган сүрөтү түшүрүлгөн футболкаcын кийип, мурут чаптап алып чыгышкан.

Мындай өзгөчө жол менен оюнчулар машыктыруучуну 55 жаш курагы менен куттуктаган.

Айта кетсек, 7-сентябрда Орусиянын улуттук курама командасы Улуттар Лигасынын алкагында Түркия менен кез келет. Ал эми 10-сентябрда Ростов-на-Дону шаарында Чехия курамасы менен беттешет.

Орусиянын улуттук курамасы машыктыруучусун куттуктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан