ЖЫЛНААМА, 4-СЕНТЯБРЬ: Миллиардер айымдардын катарын толуктаган атактуу америкалык ырчы Бейонсе 37 жашка толду

Дүйнөгө белгилүү ырчы, актриса жана бийчи Бейонсе бүгүн, 4-сентябрда 37 жашка толду. Ал 1981-жылы АКШнын Хьюстон шаарында туулган. Толук аты-жөнү - Бейонсе Жизель Картер Ноулз.

Бейонсе 8 жашынан тарта чыгармачылыкка кызыккандыктан ыр-бий боюнча түрдүү кароо-сынактарга катышып жүргөн.

1990-жылдын соңунда “Destiny’s Child” тобунун солисти катары таанылып, 2003-жылы өзүнүн алгачкы жеке альбомун чыгарган. Бул эмгеги үчүн “Грэмми” сыйлыгына 5 ирет ээ болуп, 2006-жылы топтун тараганына байланыштуу жеке ырчы катары чыга баштаган. Бейонсе ушул кезге чейин жогоруда аталган сыйлыкка 45 жолу көрсөтүлүп, 20сына ээ болгон.
Анын чыгармачыл инсан болуусуна апасынын салымы чоң. Ал ар дайым кызынын талантын колдоп, аны белгилүү кылуу үчүн болгон аракетин жумшап турган. Ошондой эле Бейонсе “Destiny’s Child” тобунда ырдап жүргөн кезде, андагы кыздарга сахна кийимдерин тигип жүргөндүгү айтылат.
Актриса катары өзүн сынап, биринчи жолу коркунучтуу фильмге тартылган. 2002-жылы “The Goldmember” аттуу кинодо башкы ролду аткарып, жараткан ролу сынчылар тарабынан жогору бааланган.

Бейонсе “Beautiful Liar” ырын колумбиялык ырчы Шакира менен биргеликте аткарган. Ырга клип тартуу учурунда кичинекей кезинен тарта бийлеп жүргөн Бейонсе Шакирадан да бий боюнча сабак алганын айтып берген.

“Алгач “мына сага, мен Шакирадан бий үйрөнөмбү?” деп кызыктай абалда болгом. Бирок ал мыкты – окутуучу. Биздин убактыбыз тар болгондуктан мен ал кылган кыймылдарды эле кайталап тургам. Бул нерсе сырттан көз салып тургандарга абдан күлкүлүү көрүнсө керек”, - деген ал.

Ырчы 2008-жылдын 4-апрелинде учурдагы жолдошу, рэп аткаруучу Jay-Z`ге турмушка чыгып, түгөйлөр 2012-жылы январда Блу Айви аттуу кыздуу, 2017-жылдын июнь айында Сэр Картер жана Руми Картер деген эгиз наристелүү болушкан. Жылдыздар дүйнөдөгү эң бай түгөйлөрдүн катарына кирет.

Ырчы эгиз уулдары Сэр Картер жана Руми Картер менен.

Бейонсе бир канча белгилүү бренддик фирмалардын жарнамаларына тартылып, алардын ар биринен орто эсеп менен 4 миллион 700 миң доллар киреше табат. 2010-жылы жолдошу менен биргеликте 122 миллион доллар киреше тапкандыгы үчүн “Эң көп каражат тапкан жылдыздуу түгөйлөр” деп табылып, "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилген. Ал эми “Forbes” журналынын 2017-жылдын май айындагы жыйынтыгы боюнча Jay-Z экөөнүн 1 жылдык кирешеси 1миллиард16 миллион долларды түзгөн. Ырчы ушул жылдын май айында АКШнын Жаңы Орлеан шаарынан 850 миң долларга чиркөө сатып алганын чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышкан.
Маалым болгондой, эми ырчыга таандык болгон чиркөө 1900-жылы курулуп, жалпы аянты 700 квадрат метрди түзөт. Чиркөө бир нече жылдан бери иштетилбей келген. Ырчы сатып алардан бир нече апта мурун аталган чиркөөдө ибадат жасалган. Ага 900дөн ашуун киши келгендиги айтылат маалыматта. Ошондой эле ибадатканадан алыс эмес жерде Бейонсенин эжеси Соланж жашай турганы маалым болгон.

Бейонсе бош убактысында сүрөт тартууну жактырат. Анын айтымында, бул нерсе ага чарчаган абалдан чыгууга жардам берет. Бирок тарткан сүрөттөрүн коомчулукка жарыялоону каалабагандыктан, анын эмгектерине жолдошу менен достору гана баа берип келишерин айткан.

4-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sereznaya
2018-09-04 19:19:10
Большой лайк!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан