
Кичинекей чакта баланын калп сүйлөөсү анын мээсинин иштешине жана өнүгүүсүнө жардам берет. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы окумуштуулардын айтканына таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Торонто университетинин окумуштуулары аныктагандай, адамдын бала чагында калп айтуусу айлана-чөйрөнү таанып билүүсүн тездетип, ойлонуусун кеңейтет.
Бул теорияны так аныкташ үчүн окумуштуулар 3 жаш 5 айлык 42 баланы топтошкон. Чогулган балдарды 2 топко бөлүп, 2-топтогу балдарга ата-энесин алдап, аларга көрүнбөй жашынып калууну айтышкан. Изилдөөнүн аягында балдардын мээсинин активдүүлүгүн текшеришкен. Жыйынтыгында 2-топтогу балдардын мээсинин активдүүлүгү жогору болуп, ырахат гормондорунун стабилдүү иштелип чыкканы байкалган. Анда баланын окуяны элестетип алып, өз фантазиясы менен көркөмдөөсү кеңейе турганын байкашкан.