“Мени партиянын катарынан коррупционерлер тууралуу айткан сөзүм үчүн чыгарып койсо, анда КСДП коррупция менен күрөшпөй эле аларды коргоп жаткан болот”. Мындай пикирин Кожобек Рыспаев бүгүн, 4-сентябрда SUPER.KG порталына билдирди.
Эл өкүлү партиянын катарынан чыгып каларын күн мурун билбегенин айтты.
"Партиядан чыгып калганым чынында оор тийди. Бирок бул тууралуу күн мурун билген эмесмин. Бизди эл эмнеге шайлаган? Уурдап жаткан нерселерди уурдатпаганга, элдин үнүн ачык айтып туруу үчүн шайлаган. Буга чейин чындыкты кандай айтып келсем, эми да ошондой эле чындыкты айтам. Мындан ары мурдагы эле комитет жетекчилиги кызматын аркалайм. Комитет жетекчилиги бул фракциянын эмес, Жогорку Кеңештин ыйгарым укугу. Мени комитет жетекчилигинен кетишим үчүн 81 депутат макулдугун берүү керек.
Мен эч качан партияга жармашкан эмесмин. Көп убакыттан бери партиядай болгон чоң “Ооган согушунун ардагерлери” уюмун жетектеп келем. "Ар-Намыс" партиясына киргенге чейин аталган партия менен келишим түзүп иштеп келгем. "Ар-Намыс" партиясы менен иштешүүдө өзүбүздү көрсөткөнүбүз үчүн Нурлан Төрөбеков экөөбүз депутат болуп шайланганбыз. 2015-жылы Феликс Куловдон “биздин партия шайлоодо чыга алабы, финансылык мүмкүнчүлүк барбы” деп сурасам, ал “мен айта албайм, шайлоодо чыгарыбызга мүмкүнчүлүк жок” деген. Анан мен андан “мага уруксат бериңиз, мени КСДП чакырып жатат” деп өзүнөн уруксат алып анан кеткем. Кийинки шайлоодо кайсы партия менен барарымды азырынча айта албайм", - деди Рыспаев.
Кийинки кезекте КСДПдан дагы кайсы депуттаттар чыгышы мүмкүн деген суроого төмөндөгүчө жооп берди.
"Фракциянын депутаттары партиянын айтканындай боло албайт. Кийинки кезекте партиядан кимдер чыгышы мүмкүн, аны билбейм. Ким чындыкты айткан болсо ошол чыгат. Балким, фракциянын депутаттары катары менен чыгат, аны так айта албайм", - деди Рыспаев.
Буга чейин 29-августта Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев КСДПнын саясий кеңешинин жыйынтыгында аталган партиянын катарынан чыгарылган. Эл өкүлү өзүнүн партиянын тизмесинен чыгарылышын аны колдобой койгону менен байланыштырган.