“Кожобек Рыспаевдин мындан кийинки тагдыры КСДП менен бирге болбойт” деп бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Чыныбай Турсунбеков SUPER.KGʹге билдирди.
Эл өкүлү өз сөзүндө, Кожобек Рыспаевге тиешелүү маселе фракциянын күн тартибинде караларын айтты.
“Партиянын катарынан чыгарылган депутаттын фракциядагы ишмердүүлүгү да токтотулат. Ал эми депутаттын комитет жетекчилигине тиешелүү маселеси эми каралат. Жогорку Кеңештеги фракциялар өздөрүнүн комитеттердин жетекчилигин бөлүштүрүшөт, жетекчилигин шайлашат. Ар кандай достук топторун түзүшөт. Түзүлгөн келишимге ылайык, ар бир фракциянын өзүнө тийген орундар бар. Буга байланыштуу маселе фракциянын күн тартибинде турат, жакын арада каралат”, - деди Турсунбеков.
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев ушул жылдын 29-августунда КСДПнын саясий кеңешинин жыйынтыгында аталган партиянын катарынан чыгарылган. Эл өкүлү өзү партиянын катарынан чыгып калганын КСДПны колдобой койгондугу менен байланыштырган.