Орусиялык ырчы Земфира 5 жылдан бери алгачкы ирет жаңы ыр жаздырды. "Жозеф" деп аталган чыгарма бүгүн, 4-сентябрдан тартып интернет желесине жүктөлдү.
Маалым болгондой, ырдын тексти орусиялык жана америкалык акын Иосиф Бродскийге таандык. Тагыраагы, акындын "Новые стансы к Августе" жана "Румянцевой победам" деген аталыштагы ырларынан алынган.
Земфира аталган чыгарманы алгачкы ирет жаңы жылдык кечелердин биринде аткарган. Бирок кече жабык өткөндүктөн, ага ырчынын жакын достору менен туугандары гана катышкан. Андан соң бир канча ирет жандуу үн менен аткарып жүрүп, эми гана жаздырып чыгууну чечкен.
Айта кетсек, ырчы буга чейин жаңы альбом чыгарууну көздөп жатканын айткан.