Бүгүн, 2-июлда Нарындын Жумгал райондук жергиликтүү кеңештеринин депутаттары район башчысынын 2013-жылдын 6 айында жасаган иштери тууралуу отчётун угушту. Жыйынга жалпы 152 депутаттын 79у катышты. Депутаттар күн тартибинде 2 маселеге токтолушуп, район акиминин 2013-2015-жылдарга карата стратегиялык планы жана аткарып жаткан иштери боюнча маалыматын угушту. Муну менен катар мөөнөтү бүтүп калган аймактык шайлоо комиссиясынын курамын толукташты. Жыйында жол маселеси, көмүр ишканаларындагы экологиялык терс көрүнүштөргө бөгөт коюу жана Эпкин айылындагы оор жүк тартуучу таразадан түшкөн каражаттардын бир бөлүгүнүн район калкына жумшалышы сыяктуу орчундуу маселелер талкууланды.