Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Бактуу-Долоноту айылында өтүп жаткан мелдештерден фоторепортаж

Бүгүн, 4-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Бактуу-Долоноту айылында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында бир нече спорттук иш-чаралар орун алууда.

Анда дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде казак күрөш, пахлавани (иран күрөш) боюнча мелдештер орун алып жатса, комплекстин сырткы аренасында мас-рестлинг (таяк тартыш) боюнча мелдештер өтүүдө. Учурда аталган мелдештердин тандап алуу туру өтүп жатат. Финалдык беттештер саат 18:00дө старт алат.

Айта кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда старт алган. Азыркы тапка чейин спорттун 3 түрүнөн мелдештер жыйынтыкталып, кыргыз спортчулар жалпы 18 медаль утуп алышты. Медалдык эсепте Кыргыз курама командасы 2-орунда жайгашып келе жатса, 1-орунда Казакстан жана 3-орунда Түркмөнстан курама командалары жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан