Бүгүн, 4-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында таяк тартышуу боюнча мелдеш старт алды.
16:56. Кыз-келиндер арасындагы 75 килограмм салмак ченинде Орусия жана Азербайжандын спортчулары таяк тартышып, орусиялык спортчу жеңишке ээ болду.
16:58. 80 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз спортчусу менен Орусиялык спортчусу беттешүүдө. Натыйжада орусиялык спортчу жеңүүчү деп табылып, алтын медалды тагынды.
17:00. Эми 85 килограммга чейинки салмак ченинде кыз-келиндер күч сынашат. Анда украиналык Ирина Заславская менен казакстандык Дарья Нестереванын беттеши орун алууда. Алгачкы таякты Украинанын спортчусу тартып кетти. Эгерде 2-раундда дагы украиналык спортчу таякты тартып кетсе ал алтын медалдын ээси аталат. Жеңүүчү аныкталды. Көчмөндөр оюндарынын чемпиону Ирина Заславская болду.
17:04. 90 килограмм салмак ченинде кыргыз балбаны Азат Таштанбеков орусиялык Даниил Моисеев менен кездешти. Таштанбеков алгачкы таякты тарттырып жиберди. Жыйынтык: Азат Таштанбеков алтын байгеге ээ болду. Муну менен ал таяк тартыш боюнча мелдеште кыргыз капчыгына 2-алтын медалды алып келди.
17:08. 85 килограммдан жогорку салмак ченинде АКШ балбаны менен орусиялык Светлана Тихонова беттешип жатат. Алгачкы таякты АКШлык балбан тартып алды. 2-айлампада таякты орусиялык балбан тартып кетти. Эми жеңүүчү 3-айлампада аныкталат. Светлана Тихонова эсепти 2:1 кылып, жеңүүчү аталды.
17:12. Кийинки беттеште кыргыз балбаны Келдибек Атайбек уулу орусиялык балбан менен күрөшөт. Кыргыз балбаны алтын медалды алып келе алабы, оюндан көрөлү. Эсеп 1:0, ийгилик кыргыз спортчусу тарапта. Келдибек Атайбек уулу бул ирет дагы таякты тартып кетип, алтын медалдын ээси болду. Муну менен ал кыргыз капчыгына 3-алтын медалды алып келди.
17:16. Азыркы тапта таяк тартыш боюнча мелдештин акыркы беттеши орун алууда. Анда 90 килограммдык салмак ченинде орусиялык спортчулар күч сынашууда. Дмитрий Попов таяк тартышуу боюнча жеңүүчү аталды.
17:20. Кыргыз спортчусу менен орусиялык спортчунун тиреши башталды. Анда Рустам Жалилов орусиялык Андрей Маркин менен кез келди. Алгачкы айлампада Маркин таякты тартып кетти. Кыргыз балбаны азырынча медаль үчүн күрөштү токтото элек. 2-айлампада жеңишке жетсе, дагы 1 алтынды алууга мүмкүнчүлүк алат.
17:26. Тилекке каршы, кыргыз спортчусу жеңилүү ызасын тартып, күмүш медаль тагынды.
17:27. Бир нече мүнөттөн кийин жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи орун алат.
17:45. Таяк тартышуу мелдешинде кыз-келиндер арасындагы жеңүүчүлөргө медаль тапшыруу аземи орун алууда. Коло медалдын ээси кыргыз спортчусу Эльза Абдыкадырова болсо, күмүш медалды өзбекстандык Регина Муляшева ээлесе, ал эми алтын медаль менен орусиялык Сардана Осипова сыйланды. Ошондой эле жеңүүчү акчалай байгеге дагы ээ болду.
17:50. 70 килограмм салмак ченинде кыз-келиндер арасындагы спортчуларды сыйлоо башталды. Коло медаль менен орусиялык спортчу Анна Воганова жана венгриялык Ребекка Марго, күмүш медаль менен Кымбат Нуржанова, алтын медаль менен орусиялык Анна Турчинова сыйланды.
17:56. 75 килограмм категориясындагы спортчуларды сыйлоо аземи орун алды. Кыргыз спортчусу менен өзбекстандык спортчу коло медаль тагынса, күмүш медалды азербайжандык Наргиз Ибрагимова, алтын медалды орусиялык Саина Седалищева тагынды.
18:00. 85 килограммга чейинки салмак чениндеги спортчулар сыйланат. Кыргыз спортчусу менен венгриялык спортчу коло медалга ээ болсо, күмүш медаль Дарья Нестерева, алтын медаль украиналык Ирина Заславскаяга буюрган.
18:07. Таяк тартышуу боюнча мелдеште кыргыз спортчусу менен Ирандан келген спортчу коло медаль тагынса, АКШ спортчусу күмүш медалды, орусиялык Светлана Тихонова алтын медалды тагынды.
18:11. 60 килограмм салмактагы мырзаларды сыйлоо аземи башталды. Казакстандык жана өзбекстандык спортчулар коло медаль, Азербайжандан келген спортчу күмүш медаль менен сыйланса, кыргыз спортчусу Бекжан Өмүралиев алтын медалдын ээси болду.
18:17. Бекжан Өмүралиев: "Бул жеңишти күткөм. Анткени аябай катуу даярдык көргөм. Анын үстүнө бул оюн Кыргыз жергесинде өтүп жаткандыктан намыстанып, биринчи орун үчүн күч сынаштым", - дейт.
18:18. Таяк тартыш боюнча мелдештеги медаль ээлерин сыйлоо уланып жатат. 70 килограммга чейинки салмак ченинде коло медалдын ээлери украиналык Алексей Кушрин жана казакстандык Темирлан Шамет болду. Күмүш медалды кыргыз спортчусу Кудайназар Алимов тагынды, ал финалдык беттеште орусиялык Александр Рахлеевге утулуп калган. Рахлеев алтын медалды алып кетти.
18:23. Сыйлоо аземи 80 килограммга чейинки салмак ченине жетти. Анда коло медалдын ээлери азербайжандык Султан Агаев жана ирандык Алиакбар Сежеди болду. Күмүш медалды кыргыз балбаны Аскат Жунушев, алтын медалды орусиялык Семён Атаков тагынды.
18:28. 90 килограммга чейинки салмак ченинде медаль ээлерин сыйлоо аземи башталды. Бул салмак ченинде коло медалды өзбекстандык Илиоз Кодиров жана ирандык Абрар Багерпур тагынышты. Күмүш медалды орусиялык Даниил Моисеев багындырса, алтын медалды кыргыз спортчубуз Азат Таштанбеков тагынды.