Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңеш кезектеги сессиясын баштады. Депутаттар парламентте алгачкылардан болуп көтөрчү бир топ маселелер турганы бышык. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңеш көңүл бурушу керек болгон эң орчундуу маселелер кайсылар?" деген соболуна Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев жооп берди.
Мурдагы төрага парламентте каралышы керек болгон эки негизги маселеге токтолду.
"Кыргыз өлкөсүн түйшөлтүп жаткан эң биринчи көйгөй - бул Бишкек ЖЭБиндеги авария. Жогорку Кеңеш карай турган негизги маселе - ушул ЖЭБдеги авария боюнча түзүлгөн комиссиянын ишинин жыйынтыгы. Анткени ушул иш боюнча көптөгөн адамдар, мурдагы өкмөт башчылар, министрлер, көрүнүктүү адамдар камакта отурат. Бул маселенин жаралганына көп убакыт болуп калды. Жай өтүп күз да келди. Эл ичинде ар кандай сөздөр айтылганы менен, так маалыматтар жок болуп жатат. Ошон үчүн депутаттар ушул нерсеге биринчи көңүл бөлүп, эл алдына ачык маалыматтарды билдириши керек.
Экинчи чоң маселе - бул өлкөнүн экономикалык абалы. Өкмөт да өлкөнүн экономикалык абалы өткөн жылга салыштырмалуу начар экенин өз моюнуна алып жатат. Бул көрүнүш жакшы эмес. Башка өлкөлөрдүн экономикасы өсүүдө. Мисалы, кечээ эле кризисте отурган Орусиянын экономикасы 2 пайызга, ал эми Казакстандыкы 4 пайызга өсүптүр. Жогорку Кеңеш азыркы экономикалык кырдаалды талдап, эмне үчүн мындай абалга туш болуп жатканыбыз боюнча өкмөттөн отчёт алып, коомчулукка ачыкташы керек. Жаңы өкмөттүн иштеп жатканына да көп эле болуп калды. Мындан сырткары тышкы карыздар өсүп жатат. Кытайдан алган карыздар боюнча да ар кандай сөздөр айтылууда. Бул да күн тартипте каралуучу башкы маселелердин бири", - деди Эркебаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Эмил Токтошев, экс-депутат Курманбек Осмонов, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, юрист Канатбек Азиздин пикири бул шилтемеде.