Ысык-Көл. Ак-Суу районунун тургундары өлкөдө өтүп жаткан митингдерге каршы

Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун тургундары өлкө жетекчилерине кайрылуу жолдошту.  Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова маалымдады. Кайрылууда "Ак-Суу районунун тургундары туруктуу өнүгүүгө багыт алган жол картасынын негизинде иш алып барып жатабыз. Жайкы туризм сезону күчөп турган кезде, ар кандай мамлекетти бөлүп-жаргысы келген, саясий оюндарды жүргүзгөн күчтөргө алданбагыла. Жакында эле болуп өткөн жол тосуулар, митингдер өлкөбүздүн ансыз да жакшы эмес экономикасын бир кыйла солгундатты. Өлкөдөгү саясий туруксуздуктун айынан канчалаган инвесторлор да бизден кача башташты. Биргелешип, болгон күч-аракеттерибизди жумшап мамлекетибизди сактап калалы",- деп жазылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан