Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында белгилүү саясий жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун жаркын элесине арналган самбо боюнча VII эл аралык мелдеш башталды. Мелдеш 11 салмак категория боюнча өтүп, ага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан жана Казакстандан келген спортчулар катышууда. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдиргендей, мелдешке Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун эсебинен 87 450 сом каражат бөлүнүп, ага 4 сыналгы, 4 микротолкундуу меш, 8 чаң соргуч жана 11 DVD сыйлык катары алынган. Кошумчалай кетсек, мелдеш 3 күнгө созулат.