Бүгүн, 4-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында таяк тартыш боюнча мелдеш өттү. Анда эркектер 7 салмак ченинде жана кыз-келиндер 5 салмак ченинде күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары жалпы 11 медаль утуп алганга үлгүрдү.
Кыргыз балбандары Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына 3 алтын, 4 күмүш жана 4 коло медаль алып келишти. Алтын медалдардын ээлери 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Бекжан Өмүралиев, 90 килограммга чейинки салмак ченинде Азат Таштанбеков жана 105 килограммга чейинки салмак ченинде Келдибек Атайбек уулу болду.
Медалдарды тагынган кыргыз спортчулардын тизмеси:
Алтын медалдардын ээлери:
60 килограммга чейинки салмак ченинде: Бекжан Өмүралиев;
90 килограммга чейинки салмак ченинде: Азат Таштанбеков;
105 килограммга чейинки салмак ченинде: Келдибек Атайбек уулу.
Күмүш медалдардын ээлери:
70 килограммга чейинки салмак ченинде: Кудайназар Алимов;
80 килограммга чейинки салмак ченинде: Аскат Жунушев;
125 килограммдан жогорку салмак ченинде: Рустам Жалилов;
65 килограммга чейинки салмак ченинде: Кымбат Нуржанова.
Коло медалдардын ээлери:
55 килограммга чейинки салмак ченинде: Элза Абдыкадырова;
75 килограммга чейинки салмак ченинде: Любовь Малеева;
85 килограммга чейинки салмак ченинде: Назия Майлибашева;
85 килограммдан жогорку салмак ченинде: Дильдора Рахманова.