Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргыз балбандары күрөштүн 3 түрү боюнча 4 күмүшкө татыды (сүрөттөр)

4-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук күрөштөрдүн 3 түрүнөн мелдештер орун алды. Анда спортчулар күрөш, казак күрөшү жана пахлавани (иран күрөш) боюнча мелдештерде күч сынашты. Ар бир мелдеште балбандар 3 салмак категорияда беттешип, жалпы 9 медалдар топтому үчүн күч сынашты. Кыргыз өлкөсүнүн балбандары аталган мелдештерде 4 күмүш медаль утуп алышты. Күрөш боюнча мелдеш жалпы 14 өлкөнүн 32 спортчусунун катышуусунда өттү. Бул мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 82 килограммга чейинки салмак ченинде Руслан Табалдиев жана абсолюттук салмак категориясында Байышбек Тажыгул уулу катышкан.

Табалдиев алгач япониялык спортчуну утуп, жарым финалда молдовалык балбанды жеңип алган. Финалда кыргыз спортчусу түркмөнстандык Рыжепкелди Гылычниязовго туш келип, утулуп калды.

Ал эми Тажыгул уулу алгачкы беттеште индиялык балбанды жеңип, жарым финалда казакстандык Абылай Амандыкты утуп алган. Финалдык беттеште Тажыгул уулу түркмөн балбаны менен кез келип, тилекке каршы, жеңилип калды.

Муну менен Руслан Табалдиев жана Байышбек Тажыгул уулу күмүш медалдарды тагынышты.

Казак күрөшү боюнча мелдеште 22 өлкөдөн келген жалпы 56 спортчу катышты, алардын арасынан кыргыз капчыгына Мирлан Эралиев гана медалды алып келгенге жарады. Ал алгач өзбекстандык, андан соң грузиялык балбандарды утуп алып финалга чыккан. Финалда Эралиев казак балбаны менен күч сынашып, 0:12 эсебинде утулуп калды.

Пахлавани боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 3 спортчу катышкан. Алардын арасынан медалды тагынганга Курбат Азизбаев гана үлгүрдү. Азизбаев мелдештин жүрүшүндө сербиялык, түркмөнстандык жана түркиялык балбандарды утуп алып финалга чыккан. Финалда кыргыз балбаны ирандык Нодери Мухаммад менен беттешип, жеңилүү ызасын тартып калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан