Голливуд актёрлору Кевин Спейси менен Стивен Сигалга карата коюлган айыптоолор алынды

АКШ прокуратурасы мындан бир канча жыл мурун жаш актрисаларга сексуалдык зомбулук көрсөткөн деп айтыпталып жаткан Голливуд актёрлору Кевин Спейси менен Стивен Сигалдын ишин кароону негизсиз деп тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, сот актёрлорго карата коюлуп жаткан айыптоолор 25 жылдан ашуун убакыт мурун катталгандыктан, аны далилдөө мүмкүн эмес деген негиз менен ишти жабуу боюнча чечим чыгарган.

Эскерте кетсек, бир катар актрисалар, моделдер белгилүү продюсер Харви Вайнтшейндин аларга карата жасаган сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерин айтып беришип, Голливудда чуу жаратышкан. Мындан көп өтпөй эле атактуу актёрлор Стивен Сигал, Кевин Спейси, Дастин Хоффман да ушундай сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасаганын бир убакта чогуу иштешкен айымдар билдиришкен.

Мындай айыптоолордон соң аталган актёрлор бир топ күйөрмандарын жоготуп алышкан. Мисал катары айтсак, буга чейин тартылган тасмалары канча миңдеген доллар киреше алып келген Кевин Спейсинин жай айларында жарыкка чыккан "Миллиардерлер клубу" тасмасынын бет ачарында болгону 618 доллар гана каражат түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан