Бүгүн, 5-сентябрда кыргыз эстрада ырчысы Максат Садырбеков 26 жашка толду. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда, ыраазычылыгын билдирип, буларга токтолду.
"Бүгүнкү маанайым, албетте, абдан жакшы. Таң аткандан бери жакын адамдарым, досторум, санаалаштарым улам бири куттуктап чалышып, жакшы каалоо-тилектерин билдирип жатышат. Быйыл эмнегедир туулган күнүмдү өткөрүүгө көңүлүм чаппай жатат же токтолуп калгангабы (күлүп). Бүгүнкү күн кадимки эле күндөрдөй өтүп жатат. Ушул күнү мени жарык дүйнөгө алып келген ата-энеме ыраазымын. Азыркы учурда апама ыраазычылыгымды билдирип, белегимди берип маанайын көтөрүп келейин деп турган чагым".
Ырчынын "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:
"Мен курсакта жатканда атам апама “дагы кыз төрөйсүң” деп аябай каршы чыгып, жериптир. Апам байкуш болбой эле “эркек болот, сезип жатам” деп, анан мен төрөлүпмүн. Атамдын уул күтпөй күмөн санаганына деле себеп бар. Анткени менден улуу Асел, Наргиза деген эки эжем бар, кала берсе атамдын туугандарынын баары жалаң кыздуу болушкан экен ошол кезде. Байкеси да улам эркек болот деп жатып 5 кыздуу болгон экен. Баарынан кызыгы, апам байкуш кыйналып мени төрөп, атама “эркек төрөдүм” деп сүйүнчүлөптүр. Атам апама ишенбей, төрөт залына чейин кирип келип, мени көрүп (каткырып күлүп), анан көңүлү жай алыптыр. Ошондо мени терезеден элге көрсөтүп, үнүнүн болушунча “меники эрке-еек” деп кыйкырып, катуу сүйүнгөн экен. Сүйүнбөй анан, жашоодогу эң негизги максаты – уулдуу болсом деген тилек болсо. Атымдын Максат болуп калганы да ошондон".
Мисалы, 1-жолу сахнага чыктым, 1-жолу чет өлкөнү көрдүм, Кыргызстандын атынан 1-жолу эл аралык сынактарга катышып, 1-жолу аттракционго түштүк дегендей. Санап отурсак 1-жолу деген нерселер сегиз жылдык тарыхыбызда көп экен. Ошондуктан баарына, продюсер, менеджерибизге ыраазыбыз. Акыркы жолу Грузияга барганыбызда Чолпон экөөбүз тарашыбыз керек экенин, мындан ары чогуу иштеше албай турганыбызды түшүндүк. Жашоодо өзгөрүү болуп турса жакшы эмеспи. Мисалы, узун жолдо кете берсең тажайсың да. Оңго, солго бурулгуң келет дегендей. Анын үстүнө «Жыргал life» берүүсүнө да көп көңүл бөлүп калдык. Экөөбүз тең жеке ырчы катары бышып жетилип калгандыктан өз алдыбызча кетүүнү туура көрдүк.
Максат Садырбеков 1992-жылы 5-сентябрда туулган. Мектепти бүткөн соң М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырган. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү, өзүнөн улуу 2 эжеси бар. Атасы эркек балалуу болууну көптөн бери максат кылып жүргөн кезде төрөлгөндүктөн атын Максат деп коюшкан.
5-сентябрдын жылнаамасы.