Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Асель Садырова жаа атуу боюнча алтын медалга ээ болду

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан жаа атуу боюнча мелдеште Асель Садырова алтын медаль утуп алды.

Маалыматка ылайык, Садырованын жеңиши Кыргыз курамасынын эсебиндеги жаа атуу боюнча жалгыз медаль болуп калды.

Турнирге жалпысынан 23 мамлекеттен 53 спортчу катышкан. Мелдештер эркектер жана кыз-келиндер арасында өткөрүлдү.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Эркектер арасында:

1-орун - Петер Налокз (Венгрия) 50 миң сом;

2-орун - Лазко Козча (Венгрия) 30 миң сом;

3-орун - Виктор Елиссев (Орусия) 15 миң сом.

Кыз-келиндер арасында:

1-орун - Асель Садырова (Кыргыз өлкөсү) 50 миң сом;

2-орун - Татьяна Павлова (Орусия) 30 миң сом;

3-орун - Евдокия Петрова (Орусия) 15 миң сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bek_tash
2018-09-05 10:21:16
50 000с көбүрак эмеспи?
-5
titanik32
2018-09-05 11:31:01
Ураа медалдардын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан алдыда 1 орунда экенбиз 43 медаль жалпы жолунан 2 Россия 3 Казакстан экен.Супер инфо алган медальдар оюндун жүрүшү боюнча маалыматты бат баттан берип турсаңар.
+6
naida81
2018-09-05 15:52:48
байге аз го, дирекция миллиондорду эле чачып жатты эле, чет жерден келгендерге деле уят го байгенин олчому, дирекция олуп бараткансып ар бир тендердин утуучусунан 10 % доляга отуруп жатышат, ошол акчаларды экономдоп, байге фондусун кобойтсо болот беле.
+1
tular
2018-09-05 16:55:15
naida81, жалгыз дирекцияда гана эмес, бут жакта тен 10% доляга отурушат азыр. Лично мен озум кубо болгом ошого!
+1
naida81
2018-09-05 17:42:38
tular,кошуламын, булардыкы 240 млн. дун 10% ы, жон эле жерден элестет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан