1-июлдан 2-июлга караган түнү саат 02:06да Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул боюнча орто азиялык сейсмология борбору билдирди. Жер титирөөнүн очогу Ош шаарынын 128 чакырым алыстыктагы түштүк-чыгыш тарабынан орун алды. Жер титирөөдөн жапа чеккендер болгон жок.