Быйыл Нарын облусунда тоют өткөн жылга салыштырмалуу 335 миң тоннага көп даярдалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков түшүмдү жыйноо боюнча селектордук жыйында билдирди. Айтымында, кышка даярдыктар кийинки жумадан башталат. “Кара-Кечеге барып, даярдык кандай экендигин көрүп келебиз. Бизде башка көйгөй жок. Ал эми тракторлорду лизингге алуу боюнча 20 арыз берилген, алардын 7си тиешелүү техниканы алышты”,- деди Муратбеков.