Чыңгысбек Узакбаев: "Кыргызстанда быйыл дан- эгиндерин жыйноо эрте башталды"
Кыргызстанда быйыл кылкандуу дан-эгиндерин жыйноо
10-15 күнгө эрте башталгандыгын бүгүн, 2-июлда селектордук жыйында айыл чарба жана
мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев билдирди. Айтымында, учурда Чүй, Ош,
Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда дан-эгиндерди жыйноо башталды. “Быйыл жазгы айдап-себүү иштери башка жылдарга салыштырмалуу эрте башталган.
Дыйкандар күйүүчү май, техника менен камсыздалышты. Быйыл кылкандуу дан
эгиндери 628,4 миң гектар жерге себилген”, - деди министр.