Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын 1-июнуна карата ири суммадагы карызы бар салык төлөөчү мекеме, ишканалардын тизмесин жарыялады. Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жалпы салык боюнча карыз 305 миллион 224 700 сомдү түзөт. Эң ири суммадагы карыз ишкана Бишкек шаарындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасы. Анын карызы 34 миллион 801 500 сом. Ал эми “Кыргызгаз” ишканасынын карызы 32 миллион 731 400 сомду түзөт. Ошондой эле “Нурлан алко” ишканасынын салык боюнча карызы 17 миллион 263 200 сомду түзгөн.