Түштүк кореялык спортчу Виктор Ан кызынын окуусу үчүн спорттук карьерасын жыйынтыктады

Коньки тебүүнүн шорт-трек түрү боюнча Олимпиада оюндарынын бир нече жолку чемпиону Виктор Ан карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу орус маалымат агенттиктери коньки тебүү федерациясына таянып жазып чыкты.

Маалым болгондой, түштүк кореялык спортчу Виктор Ан үй-бүлөлүк шартына байланыштуу спорттук карьерасын жыйынтыктап, машыктыруучу болуудан дагы баш тарткан. Коньки тебүү боюнча федерациясынын президенти Алексей Кравцов: "Тилекке каршы, мыкты спортчулардын бири Виктор Ан карьерасын жыйынтыктады. Ал кызынын Түштүк Кореядан билим алышы үчүн Орусиядан кетип жатат. Федерациянын атынан спортчуга ыраазычылык билдиребиз. Ал бул жаатта чоң эмгек жасады", - деп билдирген.

Ан Хен Су 2011-жылга чейин Түштүк Кореянын шорт-трек боюнча курама командасында ойноп, 3 ирет Олимпиада чемпиону аталган. Муз үстүндө оор жаракат алгандан кийин ага операция жасалган. Ушундан улам ал өз өлкөсү үчүн сынактарга чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. 2011-жылдан тарта Орусиянын жарандыгын алып, ысымын Виктор Ан деп өзгөрткөн. 2014-жылы Сочиде өткөн Кышкы олимпиада оюндарына катышып, 1 алтын жана 1 коло медаль тагынган.

Маалымат үчүн: Виктор Ан 1985-жылы 23-ноябрда Түштүк Кореянын Сеул шаарында төрөлгөн. Ал дүйнөлүк кубоктун 7 жолку, Олимпиада оюндарынын 6 жолку, Дүйнөнүн 6 жолку абсолюттук чемпиону, Дүйнөнүн 20 жолку жана Орусиянын, Түштүк Кореянын, Европанын бир нече жолку чемпиону.

Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2018-09-05 18:44:45
Женчусун женди,алчусун алды.Эми кызына кам коруп,жаш спортчуларды даярдай турган убак келди.
+3
Karasuu27
2018-09-05 20:20:42
Сочиде 3 алтын алган.500метрге.1000м.эстафетадан.1коло медаль 1500м.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан