Бүгүн, 5-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы борбордук ат майданда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү боюнча мелдештин тайпалык баскычы жыйынтыкталды.
Тайпалык баскычтын акыркы оюндарында "А" тайпасында Кыргыз курама командасы менен Алтай курамасы беттешмек, бирок Алтай командасынын бир нече оюнчусу жаракат алып, оюнга чыкпай калды. Натыйжада Алтай курамасына техникалык жеңилүү ыйгарылып, кыргыз улакчылары жарым финалга чыгышты.
"С" тайпасында Казакстан курама командасы дароо 2 беттеш өткөрдү. Казак улакчылар алгач Красноярск курамасы менен беттешип, 15:3 эсебинде утуп алса, экинчи беттеште АКШ курамасы менен беттешип, 29:9 эсеби менен жеңишке жетти.
"D" тайпасында Өзбекстан менен Франция курамалары беттешти. Беттештин жыйынтыгында өзбек улакчылары тай казанга 19 улак таштаса, франциялык улакчылар 6 улак таштап жооп кайтарды.
Муну менен жарым финалда Кыргыз курама командасы Орусиянын Москва облусунан келген курама команда менен, Казакстан курамасы Өзбекстан курама командасы менен беттешет.