Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргыз күрөштө бардык алтын медалды кыргыз балбандары жеңишти

Бүгүн, 5-сентябрда lll Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз күрөш боюнча мелдештер орун алды. Анда 7 салмактык категория боюнча медалдар ойнотулуп, кыргыз балбандары мыктылыгын көрсөтүштү.

55 килограмм салмак ченинде Бекболсун Сатканкулов финалдык таймашта казак балбаны Алишер Муханбетжановду жеңди. 60 килограммдык салмак ченинде Амангелди Эсенбек уулу казак балбаны Меиржан Берекетовду, 66 килограмм салмакта Равиль Самат уулу түркмөн балбаны Медет Халлыгурбановду, 74 килограмм салмакта Баястан Идирисов орусиялык Ислам Фалякуловду утуп чемпион аталышты. Ошондой эле 84 килограмм салмакта Чыңгыз Чалабаев казакстандык Леонид Станеевди, ал эми 96 килограмм салмакта Нурбек Кожобеков казак балбаны Арман Калиевди утту. Абсолюттук салмакта Тилек Куралов тажикстандык Фархад Анакуловду жеңип чемпион аталуу менен бирге Улуу көчмөндөр күрөшүнө катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
oscar
2018-09-05 22:12:01
Абдан жакшы
+3
Zidan2
2018-09-05 22:20:42
66 кг
Самат уулуна тартып койгондой болду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан