Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Уларбек Күрүчбек уулу монгол күрөштөн коло байге жеңди

Бүгүн, 5-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында биринчи жолу монголдордун салттуу күрөшү боюнча мелдеш болуп өттү. Монгол бох – монголдордун улуттук күрөшү. Таймашка эки балбан чыгат. Атаандашын атайын белгилеген аянттан түртүп чыгарса же анын таманынан башка дене мүчөсүн жерге тийгизсе утушка ээ болот. Спорттун бул түрүнө 14 өлкөдөн 14 спортчу катышты.
Мелдештин жеңүүчүлөрү:
1-орун – Дорж Анар (Монголия);
2-орун – Айдын Атансух (Кытай);
3-орун - Уларбек Күрүчбек уулу (Кыргыз өлкөсү);
3-орун – Монгуш Айдын – Орусия (Красноярск).
Мелдештин жеңүүчүсү Дорж Анар Улуу көчмөндөр күрөшүнө жолдомо алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан