Роналду, Салах, Модрич ФИФАнын "жылдын мыкты оюнчусу" наамына ат салышат

Криштиану Роналду, Мохаммед Салах жана Лука Модрич ФИФАнын "жылдын мыкты оюнчусу" наамына ат салышат. Мындай маалымат ФИФАнын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жеңүүчү 24-сентябрда өтө турган сыйлык тапшыруу аземинде аныкталат. Жеңүүчүнү аныктоо үчүн ФИФАга мүчө болгон курама командалардын машыктыруучулары жана капитандары, күйөрмандар жана журналисттер добуш беришет.

Аталган сыйлыкка Роналду 10-жолу көрсөтүлүп жаткан болсо, Модрич менен Салах алгачкы ирет алдыңкы үчтүктөн орун алышкан. Күйөрмандар үчүн 2007-жылдан бери үзгүлтүксүз мыкты үчтүктүн катарына кирип келген аргентиналык Лионель Мессинин жана Франция курама командасын Дүйнө чемпиондугуна жетелеп келишкен Антуан Гризманн менен Киллиан Мбаппенин жоктугу күтүүсүз болду. Буга чейин көпчүлүк учурда сыйлыктын ээлери Дүйнө чемпиондугун уткан команданын оюнчусу болсо, бул ирет финалчылардын катарында бир да Дүйнө чемпиону жок.

Өткөн сезондо Салах Ливерпуль клубу менен Чемпиондор Лигасынын финалында Роналду менен Модричтин командасынан жеңилип калган. Ал эми Дүйнө чемпиондугунда Салах топтук баскычта, Роналду жарым-чейрек финалда үйлөрүнө кайтып, Модрич финалга чейин жеткен.

Белгилей кетсек, 30-августта УЕФАнын "жылдын мыкты оюнчусу" наамына да ушул эле оюнчулар ат салышып, сыйлыкты Модрич илип кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Cherik.777
2018-09-06 09:02:44
Модрич алдыго дейм адмиш
-3
karakozum
2018-09-06 09:11:49
Cherik.777, сен озу аягына чейин окудунбу? Белгилей кетсек, 30-августта УЕФАнын "жылдын мыкты оюнчусу" наамына да ушул эле оюнчулар ат салышып, сыйлыкты Модрич илип кеткен деп турат го бакырайып
0
oscar
2018-09-06 09:09:45
Роналду алат го
+5
Alixan-Nookat.2015
2018-09-06 09:22:26
УЕФАдан Модрич алды ФИФАдан ким алат экен?
+2
Edward.14
2018-09-06 09:54:02
УЕФАны Модрич алгандан кийин,ФИФАны кантип албай койсун.ЧМ финалына жетти,жана дагы мыкты оюнчу аталды,талашсыз түрдө Модричке бериш керек.
0
Rasul94
2018-09-06 10:08:54
Рон же Модрич алат бул жерде деле
0
Elaman_Arypov
2018-09-06 10:22:26
Месси, Гризманн, Мбаппе чыгышы керек эле
-2
duishonbek03
2018-09-06 11:03:26
Elaman_Arypov,Мбаппе же Гризманн экөөнүн бирөөсү чыкса акыйкаттык болмок кичине,Салах личный болуп калып атат бул жерде,анан чынын айтыш керек Мессини бул тройкага киргизиш чындыгында оорураак болуп калды быйыл
+2
Elaman_Arypov
2018-09-06 13:08:11
duishonbek03,роналду быйыл не кылды
-1
duishonbek03
2018-09-06 15:32:03
Elaman_Arypov,Лига чемпионду утту,Лучший бомбардир Лига чемпионов
0
rustin13
2018-09-06 11:02:44
Модрич 90%&
+2
pat12
2018-09-06 11:09:23
Роналду алат
+3
jergetal
2018-09-06 12:24:12
Салах алсын
-1
Djumahmatov
2018-09-06 13:33:09
Учоонун бироосу алсын
-1
murat17
2018-09-06 17:11:17
салах
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан