КРнын Улуттук китепканасы Майями университетинин профессору Дэниэл Приор’дон англис тилиндеги “Шабдан Баатырдын Кодекси” деген китебин белекке алды. Бул китепте 20-кылымдын башындагы кыргыз поэзиясынын уникалдуу кол жазмасынын биринчи жолу интерпретацияланган толук басылышы бар. Жыйнак АКШда 2012-жылы чыгарылган. Анда Түндүк Кыргызстандын тарыхын чагылдырган чыгармалар топтолгон. Китеп Чоң-Кемин өрөөнүнүн башкаруучусу, сарыбагыштардын чоң манабы, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана өнүгүүсүнө чоң таасирин тийгизген Шабдан баатырга (Шабдан Жантаевге) арналган жана көчмөн кыргыздардын турмушу жөнүндө толук баяндама берген. Маалыматка ылайык, китептин өзгөчөлүгү анда кыргыздын кыргыз болушунун концепциясы көрсөтүлгөнүндө.