"Бакиевдер өлкөдөн чыгарып кетти" делген миллиондогон акчаны Кыргыз өлкөсүнө кайтаруу үчүн аракеттер көрүлгөнү менен кийин бул маселе унутулуп калган", - деди бүгүн, 6-сентябрда SUPER.KG порталына мурдагы башкы прокурор Аида Салянова.
Салянованын айтымында, ири жумуштар 2013-2014-жылдары болгон жана кийин ал иштер улантылган эмес.
"2014-жылдын июнь айында АКШга барып бир нече жолугушууларды өткөргөм. Мындай деңгээлдеги жолугушуулар Башкы прокуратура тарабынан мага чейин болгон эмес, менден кийин да ал иштер уланган жок. Өткөрүлгөн жолугушуулар бир гана максатты көздөгөн, ал – өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттарды табуу, кайра ордуна кайтаруу болчу. АКШга барган деп айтылып жаткан прокуратура өкүлдөрү ал жакка качан барганынан менин кабарым жок. Эгерде барган болсо, ошол мен баштаган иштин алкагында барса керек. Кандай болгон күндө дагы катардагы прокурорлор эл аралык аракеттерге тоскоолдук кыла алышпайт. Бул алардын колунан келбейт. Саботаж жогору жактан гана болушу мүмкүн. Мен АКШнын Алабама штатына барган эмесмин", - деди Салянова.
Учурунда Бакиевдердин каржылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревич "Азаттыкка" берген маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин билдирген. Ошондой эле 2015-жылы Кыргыз мамлекетинин прокуратурасынын өкүлдөрү АКШнын Алабама штатына келип, өзү менен жолукканын айткан.