O!Store тармагында жаңы Huawei смартфондоруна 10 пайыз кэшбэк

О! Мобилдик оператору жана мобилдик түзүлүштөрдүн ири өндүрүүчүлөрүнүн бири Huawei компаниясы O!Store дүкөндөр тармагында жаңы акцияны сунушташат. O!Store тармагында гана жаңы Huawei моделдеринин бирин баштапкы төлөмсүз сатып алууга жана 5 700 сомго чейин баланска акча алууга болот!

"Жөнөкөй тил менен айтканда, сиз каалаган O!Store дүкөнүнүн бирине чөнтөгүңүздө бир тыйыны жок кире аласыз да, дүкөндөн жаңы телефондуу, ал гана эмес, өз балансыңызга акча алуу менен олжолуу чыгасыз!" - деп О! сатуу жана тейлөө кеңселерин өнүктүрүү боюнча кызматтын жетекчиси Равшан Бакиров белгиледи.

Бонусту кантип алууга боло тургандыгын баяндайбыз:

  1. Тизмеден каалаган смартфонду тандаңыз. Жаңы Huawei смартфондорунун кеңири топтому бюджеттик аппараттардан турат, алар мектеп окуучуларына да, студенттерге да туура келет. Айрыкча, талапты катуу койгон кардарлар үчүн да алдыңкы мыкты флагмандар бар;
  2. Телефонду накталай акчага сатып алыңыз же 30 мүнөттүн ичинде насыяга баштапкы төлөмсүз жол-жоболоштуруңуз (сизге болгону 2 гана документ керек: паспорт жана айлык акы тууралуу маалым кат же жеке ишкердин патенти);
  3. Балансыңызга – смартфондун баасынан 10% кэшбэк белекке аласыз.

О! түйүнүнөн КЭШБЭК деген эмне?

Кэшбэк – бул смартфонду сатып алуудагы сиздин үнөмдөөңүздүн суммасы;

Кэшбэк – бул О! түйүнүндөгү каалаган байланыш кызматтары үчүн сарптай турган акчалар.

O!Store дүкөнүнөн каалаган Huawei смартфонун сатып алган учурда берилүүчү 10% кэшбэк менен бирге сиз төмөнкүлөргө ээ болосуз:

  • "О!го которул" тарифтеринин топтомунун алкагында байланыш кызматтары үчүн 50%га чейинки арзандатуу;
  • Күтүүсүз механикалык бузулуу болгон учурда Huawei расмий сервис-борборунда акысыз оңдоо жана/же смартфондун кошумча бөлүктөрүн алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн бере турган камсыздандыруу-тастыктама.

Интернет аркылуу насыяга телефон +10 ГБ Интернет белекке

Убактыңызды үнөмдөө үчүн сиз үйүңүздөн чыкпай туруп, смартфонду жеткирүү менен насыяга жол-жоболоштура аласыз. Тапшырыкты ostore.kg сайтынан же 0705 007 000 (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз) телефону аркылуу жол-жоболоштуруңуз жана кошумча бонус +10 ГБ мобилдик Интернет белекке алыңыз!

Шашылыңыздар! Акция 2018-жылдын 30-ноябрына чейин жүрөт. O!Store дүкөндөрүнүн бул жана башка акциялары тууралуу толук маалыматты ostore.kg сайтынан окуй аласыздар.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан