III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда 62 жаштагы киши эс-учун жоготуп дарыяга кулап түштү. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Бостери айылынын тургуну Бегалы Апсаматов 5-сентябрь күнү көпүрөдөн өтүп бара жаткан маалда өзүн жаман сезип дарыяга кулап түшкөн. Окуя болгон учурда 2 милиция кызматкери көпүрөдөн алыс эмес жерде жүрүшкөн. Тургундун дарыяга кулап кеткенин көрүп дароо жардамга келип, аны жээке алып чыгышкан.
Бегалы Апсаматовго медициналык жардам көрсөтүлүп, андан кийин үйүнө жеткирилген.