Министрлик: "Тажрыйба алмашуу үчүн Орусиядан өлкөгө мугалимдер келет"

Орусиядан тажрыйба алмашуу максатында Кыргыз өлкөсүнө мугалимдер келет. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.

"Орусиянын Билим берүү министрлиги тарабынан тажрыйба алмашуу боюнча сунуш келип түшкөн. Алар 1 жыл мөөнөт менен келишет. Максаты - сабак өткөндөн тышкары ар кандай жолугушууларды, семинарларды өткөрүп, мугалимдерге усулдук тажрыйбасы менен бөлүшүү болуп эсептелет. Орусия тарап бизге тажрыйбасы мол, өз билгенин башкаларга да үйрөтө ала турган мугалимдерди жибергени жатат. Биз азыр бул сунушту карап, жер-жерлердеги билим берүүнүн өкүлдөрү, педагогдор менен талкуулап жатабыз. Азырынча чечим кабыл ала элекпиз. Орусия да бизди шаштырган жок. Бул маселе боюнча чечим чыккандан кийин баары белгилүү болот", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин айрым маалымат булактарында Орусиядан 500 мугалимдин келери жазылган. Бул боюнча министрлик азырынча келе турган мугалимдердин саны белгисиз экенин билдирди. Мындан тышкары мектептердеги мугалимдердин санын кыскартууга тажрыйба алмашуу үчүн келе турган мугалимдердин тиешеси жок экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jugorsk
2018-09-06 14:54:17
Ооба кыйратасынар коруп эле журобуз булардын окууткан окучуларын биздикинен хуже булардын мугалимдери
+1
bekmirzach
2018-09-06 18:57:17
Билим берүү системасында тажриба алмашуу иштерин уюуштуруп туруу зарыл керектүү маселе
0
Erik2018
2018-09-06 15:42:33
Кыргызстанда орус тилин жакшы окутушпайт. Ошого Россиядан алып келип жатышса керек да. Алар жакшы окутушат. Билим берүү тармагын алдыга жылдырышат.
+2
Jango
2018-09-06 17:12:32
Окмот милиондогон сомдорду болушот кыргыз тилин онуктургонго эмне кереги бар орус тилин уйроткон мугалимдер башка сабактардаы окутсун химия физика информатика дан орус тилин кереги жок уйротбой эле койсо болот орустар оздорун политикасын жургузуп жатат бул
Жерде
+3
bond0202
2018-09-06 20:49:15
мейли келе беришсин,окуучулардан акча топтогонду уйронуп кетишет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан