Баткен шаарында пара алып жаткан жеринен мектеп директору кармалды

Баткен облусунда “пара алган” деп шектелип мектептин директору кармалганын бүгүн, 2-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Айтылгандай, Баткен шаарынын тургуну мектеп директору 2 балага аттестат бербей, 3 миң сом талап кылып жаткандыгы тууралу арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Иликтөө иштеринин натыйжасында аттестат тапшырууда 2 окуучуга аттестаттын сырты гана берилгендиги белгилүү болгон. Бул факт менен “пара алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми директор 3 миң сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда ал туугандарынын кепилдиги менен коё берилгени белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
tabyshmak
2013-07-02 21:41:15
Баткен областында канчалаган мектеп бар го. Кайсы мектеп болду экен эми?
0
Aviator
2013-07-02 22:26:59
3000 алсан кармаласын. 3 млн алсан красавчик болмоксун.
+1
kaniet
2013-07-02 22:56:08
Эээ байкуш директор, сурасан коп эле сурасан болмок да, жарымын берип кутулуп кетет элен, кайра эле баягы эски жомок, 3000сом менен камалат байкуш, 3 000 000 000 уурдаганда жарымын кармагандарга берип кутулуп тайрандап журмок, аман эсен кутулуп кетиниз эми.
0
Mika8330
2013-07-02 23:16:11
Эчтеке эмес керектуу адамдарга кичине акча берип кутулуп кетет.
0
Azem2013
2013-07-03 07:30:07
3мин yчyн барkын kетирбей эле koйбoйбy деймда.
0
Aviator
2013-07-03 12:26:04
Azem2013, ошентип уйронот да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан