Футболчу Криштиану Роналду машыгууга көзү көгөрүп келди. Аны "Ювентус" командасынын машыгуу учурунда тартылган сүрөттөрдөн көрүүгө болот.
Маалым болгондой, футболчунун көзү Италиянын чемпиондугунун алкагында орун алган "Парма" футболдук клубуна каршы өткөн оюнда көгөргөн.
Буга чейин Роналду сентябрь айындагы оюндарга Португалия улуттук курама командасынын курамында катышпай тургандыгы белгилүү болгон. Улуттук кураманын машыктыруучусу Фернанду Сантуш Роналду туриндик клубда жаңы ойноп, ал жакка жаңыдан көнүп баштагандыгына байланыштуу улуттук кураманын оюндарына чакырбагандыгын айткан.
Улуттар Лигасынын алкагында Португалия улуттук курама командасы Италия курама командасы менен 10-сентябрда беттешет.