Саясий серепчи Игорь Шестаков: "Учурда дүйнөдө туристтер үчүн чоң күрөш жүрүүдө"

2014-2016-жылдары Кыргыз жергесинде эки ирет Көчмөндөр оюндары орун алган. Быйыл үчүнчүсү өтүүдө. Аны өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 307,2 миллион сом бөлүнгөн. Кийинки Көчмөндөр оюндары Түркияда өтмөй болду. SUPER.KG порталынын "Кыргыз жергесинде 3 ирет өткөрүлгөн Көчмөндөр оюндары өлкөгө кандай пайда алып келди?" деген соболуна саясий серепчи Игорь Шестаков жооп берди.

Ал Көчмөндөр оюндары Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү бренд жана туристтерди тартуу үчүн туура чечим экенин айтты.

"Бул оюндарды көрүүгө мамлекет башчылары келип жатышат, иш-чараны чагылдырууга 500гө жакын массалык маалымат каражаттары келишти. Бул постсоветтик мейкиндиктеги чоң окуя. Көчмөндөр оюндарында туристтерди тартуучу механизм бар, анткени бул иш-чара сентябрда өтөт, ал эми Ысык-Көлдө курорттук мезгил июль-август айларында болот. Бул жалпы облустун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшү үчүн керектүү.

Кийинки Көчмөндөр оюндарын Түркияга өткөрүп берүү чечими түшүнүксүз болууда. Ооба, бул иш-чараны өткөрүүгө чоң каражат жумшалат, бирок туризм киреше алып келүүчү тармак. Эч кандай фабрика же заводду куруунун кереги жок. Бүгүнкү күндө дүйнөдө туристтер үчүн чоң күрөш жүрүүдө. Казакстанда биздикиндей Ысык-Көл жок, бул өлкө туристтерди тартуу үчүн өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууда. Коңшу Өзбекстан жана Тажикстан да туризм тармагын өнүктүрүүдө. Ошон үчүн кийинки Көчмөндөр оюндарын кайра өзүбүздүн өлкөбүздө өткөрүүгө аракет кылышыбыз керек. Бизде мактана турган нерселер аз, Көчмөндөр оюндары менен биз сыймыктана алабыз”, - дейт Шестаков.

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, экономикалык маселелер боюнча эксперт Эмил Үмөталиев, маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, экономист Кубан Чороевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан