Көк бөрү боюнча Өзбекстандын курама командасы Казакстандын курамасын утуп финалга чыкты

Бүгүн, 6-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы борбордук ат майданда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалдык беттештери орун алууда.

Учурда оюн талаасына "С" тайпасынан Казакстан курама командасы жана "D" тайпасынан Өзбекстан курама командасы чыкты.

Буга чейин "А" тайпасынан Кыргыз курама командасы, "В" тайпасынан Москва курама командасы беттешип, 23:6 эсебинде Кыргыз курамасы финалга чыккан.

18:17. Казакстан менен Өзбекстандын көк бөрүчүлөрүнүн беттеши уланууда. Казак улакчылары атаандаштарынын тай казанына бир улак таштап, эсеп ачылды.

18:23. Эсеп 1:1. Өзбек улакчылар мүмкүнчүлүккө ээ болуп, эсеп санын тең кылганга үлгүрүштү.

18:25. Кыл чайнашкан беттеш орун алууда. Өзбекстан курамасынын тай казанында казак менен өзбек улакчылар бир топ убакыт күч сынашты. Аягында казак көк бөрүчүлөр бир улак таштап мыкты болушту. Оюндун биринчи бөлүгү 2:1 эсеби менен жыйынтыкталды.

18:35. Беттештин экинчи бөлүгү башталды. Азырынча Казакстандын командасы 2:1 эсеби менен алдыда. Оюн башталары менен өзбек улакчысы улакка ээлик кылды, бирок ийгиликтүү ишке ашыра албай калды.

18:41. Казак курамасынын улакчысы орой оюн көрсөтүкөнү үчүн 2 мүнөткө жазаланды.

18:42. Өзбек оюнчулары улакка ээлик кылып эсепти теңеп алууга жетишти. Эсеп 2:2.

18:44. Өзбек оюнчуларынын таштаган улагын калыс эсепке алган жок. Жыйынтыгында эсеп 2:1 бойдон калды. Жекеме-жеке чыгууда өзбек улакчысы улакты кайрадан илип кетип, эсепти кайрадан теңеп алууга жетишти.

18:47. Өзбек улакчылары кайрадан ийгиликтүү чабуул жасап эсепти 3:2 кылууга жетишти.

18:48. Казак оюнчулары атаандаштарынын тай казанына улак таштап, эсепти 3:3кө айландыра алышты.

18:55. Беттештин экинчи бөлүгү аягына чыкты. Эсеп азырынча 3:3 бойдон калууда.

19:09. Беттештин үчүнчү бөлүгү башталды. Дароо эле өзбек оюнчулары улакты илип кетип эсепти 4:3 кылганга жетишти. Казак улакчылары улак таштоого тоскоолдук кыла алышкан жок.

19:14. Өзбек улакчылары кайрадан активдүүлүк көрсөтүп, эсепти 5:3кө айландырып коюшту.

19:18. Казак оюнчуларынын улак таштоосуна атаандаш команда мүмкүнчүлүк бербей, тай казандын жанынан чийинден сыртка сүрүп чыгарып салды.

19:20. Өзбек улакчысы эреже бузуп, 2 мүнөттүк жаза алды. Азырынча өзбек улакчылары алдыда.

19:23. 2 мүнөткө жазаланган өзбек улакчысы кайрадан оюн талаасына чыгып, толук курам менен ойноп жатышат.

19:27. Казакстан менен Өзбекстандын көк бөрү боюнча командаларынын беттеши аягына чыкты. Эсеп 5:4. Жыйынтыгында Өзбекстандын командасы финалга чыкты. Эртең, 7-сентябрда Кыргыз курамасы менен финалда беттешмекчи. Ал эми Казакстандын командасы Москва командасы менен коло медаль үчүн күч сынашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Jyldyz16
2018-09-06 19:01:03
Казактар женилип, биздин жигиттер озбектердин ашмалтайын чыгарса экен. Алга кыргызымдын жигиттери.
+13
rysik79
2018-09-06 19:14:05
Сооонун болмок узбек туугандар женсе. Спорт экен да коробуз эми.
-4
PROS
2018-09-06 19:21:26
Өзбектер быйыл катуу даярданып келишкен окшойт ыя?
-1
Janibek_Mamytov
2018-09-06 19:27:31
Казак туугандар шерменде болушту
+13
Leilek91
2018-09-06 19:28:24
Озбектер женди
+4
monster_high_98
2018-09-06 19:31:34
Хе,чала болду!Дагы чычалап коргуло!
+8
akylbekkg
2018-09-06 19:34:35
Азамат озбек туугандар!! Татыктуу оюн коргозушту!!
+6
janduino
2018-09-06 19:46:40
Эми финалда өзүбүздүкүлөргө ИЙГИЛИК!!!
+6
Kychtyy
2018-09-06 19:47:29
Финалдан 25:0 утулгуча озбектерге 4:5 типа бой берип утулгандай болойлу дешти окшойт. Озбектер минген аттар кыйла слабый экен казактар минген аттарга караганда. Сары озондун аттары. Ойношбой коййшту менимче финалдан коркуштуго разгром болобуз баарибир деп. Бирок кантседа озбектер молодцы. Жакшы аракет кылышты. Эми тынбай келишсе керек озбек туугандар
+5
bekov01
2018-09-06 19:50:14
Озбектер азамат. А казактардын былтыркы камчысы уйундо калып калыптыр дейт. же духу калып калыптырбы? Чапкылап жибермейлери барлего
+4
djantaliev.mambetkaly
2018-09-06 20:12:55
Эй казагым ,чычалоонун марта сын

Эй казагым,чычалоонун тартасын далай азабын.
+4
Samat777
2018-09-06 20:27:31
Казактар шерменде болдуууү
+4
baihan07kenjetaev
2018-09-06 21:14:33
Өзбекстан командасында ойногондор Өзбекстандык Кыргыздар болуш керек ошондуктан Казактарды айрыдыго, таза Өзбектер улак эмне экенин билбесе керек, ошон үчүн мен айтар элем көк-бөрүнү Кыргыздардан талашпагыла деп Казак туугандарга.
+7
new-citi
2018-09-06 21:55:05
Ушу казактар кыргыздан тараганын качан тан алат
+2
Emilzima
2018-09-07 09:42:31
казакстан атайын эле женилип бергени билинип эле турбайбы.финалда кыргыздардан камчы жегилери келишкен жок. катышты катышты кылып коюшту.
+2
bema_bema
2018-09-07 13:38:58
Emilzima,Туура айтасыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан