3-июлда республиканын айрым тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +31...+36°C, түнкүсүн +17...+22°C
Талас облусунда күндүз +29...+31°C, түнкүсүн +16...+21°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +31...+36°C, түнкүсүн +17...+22°C
Баткен облусунда күндүз +29...+34°C, түнкүсүн +14...+19°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +23...+28°C, түнкүсүн +12...+17°C
Нарын облусунда күндүз +24...+29°C, түнкүсүн +10...+15°C
Бишкек шаарында күндүз +33...+35°C, түнкүсүн +20...+22°C
Борбор калаада жаан-чачын болушу күтүлбөйт.