Кыргыз-Палестина футболдук беттеши тең чыгуу менен аяктады (фото)

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргыз-Палестина курамаларынын жолдоштук беттеши өтүүдө. Палестина курамасы кызыл түстөгү форма менен ойносо, Кыргыз курамасы ак түстөгү форма менен ойношууда.

Кыргыз улуттук курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин оюн алдында берген маалымат жыйынында бул жолдошттук беттеш экенине карабай, команда болгон күчүн жумшап мыкты оюн көрсөтүүгө аракет кыларын билдирди.

19:47. Оюн алдында чыгармачыл топтор оюнга келген футбол күйөрмандарына өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулап жатышат.

19:57. Курама командалар оюн талаасына чыгууда.

19:59. Алгач Палестинанын гимни, андан соң Кыргыз өлкөсүнүн гимни жаңырды.

20:00. Оюн башталды.

20:01. ГООЛ! Кыргыз курамасы дароо эле өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, 1-мүнөттө Мирлан Мурзаев эсепти ачты.

20:08. Кыргыз курамасы чабуул жасап, бирок бул аракет оңунан чыккан жок.

20:09. Голдун автору Мирлан Мурзаевдин ордуна оюнга Бекжан Сагынбаев чыкты. Мурзаев жаракат алганы айтылды.

20:11. Оюн Палестина курама командасынын дарбазасы тарапта, талаанын жарым бөлүгүндө уланууда.

20:15. Палестина курамасы ыкчам чабуул жасап Кыргыз курамасынын дарбазасына жакын келди. Бурчтан чыгарып берүүдөн кийин Кыргыз курамасынын дарбазачысы Павел Матьяш өз чеберчилигин көрсөтүп, топту тосуп алганга жетишти.

20:20. Кыргыз курамасынын башчысы Александр Крестинин өз оюнчуларына талаа четинде туруп кеңештерин берүүдө.

20:22. Кооптуу чабуул. Кыргыз курамасы гол киргизгенге аракет кылды. Бирок буга Палестина курамасынын коргоочулары мүмкүнчүлүк берген жок.

22:25. Калыстын ышкырыгы жаңырды. Палестиналык оюнчу талаа үстүндө жатат. Ага медициналык жардам көрсөтүлүп оюн уланды. Ал ортодо оюнга келген Кыргыз футбол күйөрмандары мамлекеттик гимди аткарууга жетишти.

20:31. Кооптуу чабуул. Палестина курамасынын оюнчусу дарбазаны мээлей сокку узатты эле, топ мамычанын үстүнөн өтүп кетти.

20:33. Кыргыз курамасы бурчтан чыгарып берүүнү аткарды, бирок бул аракет эч кандай кооптуу абал жараткан жок.

20:35. Кайрадан кооптуу абал. Палестиналык футболчулар ыкчам чабуул уюштуруп, дарбазага сокку узатышты. Бирок таамай боло алышкан жок.

20:40. Палестиналык оюнчуга орой ойногону үчүн калыс сары айып кагазын берди.

20:42. ГОЛ! Палестина эсепти теңеди. Эсеп 1:1. Голдун автору 27-номердеги оюнчу Оддай Даббах.

20:45. 1-таймга 2 кошумча мүнөт берилди.

20:47. 1-тайм аяктады. Футболчулар 15 мүнөттүк танаписке кетишти.

21:02. Оюндун 2-таймы башталды.

21:05. Кыргыз курамасы бурчтан чыгарып берүү жасап, бирок ийликтүү болгон жок.

21:10. Оюн Палестина курамасынын жарым талаасында уланууда.

21:11. Оюндун 2-бөлүгүндө палестиналыктар өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп чабуулдарды уюштурууда.

21:14. Кыргыз курамасынын оюнчусу орой ойногону үчүн сары айып кагазын алды. Айып аянтчасынан топту палестиналыктар чыгарып Кыргыз курамасынын дарбазасынын алдында кооптуу абал жарата алышты.

21:20. Кооптуу абалда кыргыз дарбазачысы Павел Матьяш кайрадан өз дарбазасын мыкты коргой алды.

21:22. Кыргыз курамасы мыкты чабуул уюштурду. Атаандаштын дарбазасына узатылган мыкты сокку гол алып келе алган жок.

21:27. Кыргыз футболчулары жаралган мыкты абалды колдоно албай атаандашынын дарбазасынын алдынан топту алдырып жиберишти.

21:37. Калыстын ышкырыгы жаңырды. Эки команданын оюнчулары 2-кабатта топ талашууда сүзүшүп кетип, оюн талаасына дарыгерлер чыкты.

21:44. Кыргыз курамасы тез-тез чабуулдарды уюштурганы менен эч кандай гол жарата алган жок.

21:45. Палестиналык оюнчу орой ойногону үчүн кызыл айып кагазын алды.

21:46. 2-таймдын негизги убактысы бүтүп, калыс 6 мүнөт кошуп берди.

21:56. Оюн жыйынтыкталды. Эсеп 1:1 бойдон калды. Эки команданын беттешине жалпы 6 миңге чукул адам күйөрмандык кылды.


кошулду
Кыргыз күйөрмандарынын сүрөөсү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
dastan_nookat
2018-09-06 19:55:34
Туз эфир кайсыда
+1
FCB14
2018-09-06 19:58:54
Кыргызстан 3:1 Палестина ИншаАллах буйруса
+1
FCB14
2018-09-06 20:00:36
Админ Кыргызстан ак форма мн ойнойт дегенго
-1
Izdei_-_berem
2018-09-06 20:03:37
Женгиле эми,ушуунчабыз умуттонуп отурабыз
0
jakilik
2018-09-06 20:28:30
Izdei_-_berem,
Ошо да каяктагыл саясатчыларды
жаза бербей. Мен да бармакмын
0
aerforce
2018-09-06 20:20:27
Эртерееееееееееек реклама кылса болмок экен эми угуп ичим ачышып жатат барат элем
0
erjigit-e.15
2018-09-06 20:23:04
кайсы каналдан корсотото
0
nukura_jigit
2018-09-06 20:39:24
Ктрк спорттон эртеден бери кутуп олтурганбыз

Ушул каналдын коп деле кереги жок окшойт.
Маанилуу нерселерди корсотпойт
0
dastan_nookat
2018-09-06 20:40:34
1 : 1
0
Maks_shop
2018-09-06 20:46:59
Мага ошондой сезилтабы билбейм ото начар ойноп жатышат биздикилер Мирлан чыгып кети баары оозун ачыып отурат
+1
Nuriza03
2018-09-06 21:10:26
Туз эфир кайсыл каналдарда корсотуп жатат?
0
Mikaaa
2018-09-06 21:52:41
1:1 бойдон калдыбы
0
Maks_shop
2018-09-06 22:16:24
Сирия кагатко бизди чиркин мындай ойун менен
0
Azat.97
2018-09-06 22:25:03
Бекжан Сагынбаев менен Кайрат Жыргалбек уулун срочно сборныйдан алыш керек.Аларга караганда мен жакшы ойнойм эркекче....
0
Kabyl-97
2018-09-07 01:17:54
сирия менен болотурган оюнга күчтүлөрдү салыш керек.өзбекстан өз үйүндө 1:1 ойноду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан