Ош шаарына конокко келген келин колундагы 7 айлык баласы менен жатакананын төртүнчү кабатынан боюн таштады. Кырсык бүгүн, 6-сентябрь күнү саат 17:00 чамаларында болгонун SUPER.KG'ге Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков кабарлады. Учурда эне-бала ооруканага жеткирилди.
"1978-жылы туулган келин Ош шаарындагы Черёмушки кичи районунда жайгашкан төрт кабаттуу жатаканадан колундагы баласы менен кошо боюн таштаган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, ал Кара-Балта шаарынан конокко келген. Учурда ыкчам-тергөө тобу окуяны жеринде иликтеп жатат. Айрым маалыматтар боюнча келин окуя болгонго чейин сыра ичкен. Балким, келинди кимдир бирөө түртүп жиберген болушу да мүмкүн, окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", - деди Сыдыков.
Ал эне-бала шаардык ооруканага жеткирилгенин, келиндин абалы оор экенин кошумчалады.