Бүгүн, 6-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо футбол боюнча Кыргыз курама командасы Палестина курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү.
Бул оюнда көңүл сүйүнтөрлүк да, маанайды түшүргөн да көрүнүштөр орун алды. Оюндун биринчи мүнөтүндө Кыргыз курамасынын капитаны Мирлан Мурзаев эсеп санын ачып, өзүнүн чыныгы лидер экенин далилдей алды.
Ал эми салтка айланып калган кечигүүлөрдүн айынан айрым күйөрмандар Мурзаевдин жараткан ийгилигине ортоктош боло алышкан жок. Мындан сырткары кечиккен күйөрмандар өз убагында келип орун алгандарга тоскоолдук жаратып жатты.
Эл аралык беттеш болгону менен адаттагыдай эле орундуктар тазаланбаганы байкалып турду. Бул жерден көрүүчүлөр жол таап командалардын курамы жазылган баракчаларды орундуктарга салып отуруп алышты. Аны менен гана тим болбостон буттарын орундуктардын үстүнө чыгарып алышты.
Оюндун жүрүшүндө кыргыз күйөрмандары колдоо иретинде өлкө гимнин аткарып өтүштү. Ошондой эле команданын ар бир ийгиликтүү чабуулуна дем-күч берип алдыга сүрөп турушту. Кыргыз күйөрмандарынан кем калышпаган саналуу палестиналык күйөрмандар да кыйкырык салып, күчүнүн жетишинче командасын колдоп жатты. Ошентип палестиналыктар эсеп санын теңдей алышты.
Кооптуу абалдар көп жаралып, бирок эсеп санына өзгөрүү кирбеген оюн да соңуна чыкты. Айрым күйөрмандар оюн бүтө электе эле туруп стадиондон чыгып кетишти.
Оюн соңунда көрөрмандардын көпчүлүгү өзүнүн таштандыларын таштап коюп гана баса беришти. Бирок футбол боюнча Дүйнө чемпиондугундагы япониялык күйөрмандардан сабак алышканбы же башка мекендештердин кылыгынан уялыштыбы, көпчүлүктүн таштандысын чогултуп, орундуктарды тазалап жүргөн азаматтар да болбой койгон жок.